• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Иранда нааразылык акциялары курчуган маалда интернет өчүрүлдү

22 Аяк оона 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

Иранда укук коргоочу Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары уланып жаткан маалда бийлик 21-сентябрда өлкө боюнча Интернетти өчүрүп салды.

Лондондо жайгашкан NetBlocks интернет-байкоочулар тобу 22-сентябрда дүйнөлүк желеге байланыш кайра калыбына келтирилгенин, бирок өтө катуу чектөөлөр менен коштолуп жатканын билдирди.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өкмөт Instagram менен WhatsApp тиркемелерин бөгөттөп салганын жазышууда. Алар чектелип жатканын NetBlocks борбору да ырастады.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышууларда кеминде тогуз адам өлдү. Анын ичинде укук коргоо кызматкерлери да бар экени айтылды. Акция беш-алты күндөн бери уланууда.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. Соңку нааразылыктарда ондогон адам кармалды.

Иранда 2019-жылкы нааразылыктардан бери Интернет улам-улам өчүрүлүп, же чектелип турат. Миңдеген сайттар бөгөттөлгөн. Анын ичинде социалдык түйүндөр менен мессенжерлерде ачылбайт. Жергиликтүү журналисттер жана жарандар Telegram, Twitter, YouTube жана Facebook сайттарына VPN сыяктуу сервистер менен кирет.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 152