• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026
Iran’s President Ebrahim Raisi attends a military parade alongside high-ranking officials and commanders during a ceremony marking the country’s annual army day in Tehran on April 17, 2024. (Photo by ATTA KENARE / AFP)

Ирандын президенти тик учак кырсыгынан көз жумганы тастыкталды

20 Бугу 202410:44 Бишкек Govori.TV

Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан көз жумганын РИА Новости Mehr агенттигине шилтеме кылып жазды.

Раиси 64 жашта эле. Ал аталган өлкөнү 2021-жылдын августунан тарта башкарып келе жаткан.

Буга чейин кырсыктаган тик учактагылардын баары көз жумду деп айтылып жаткан.

Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер, имам жана экипаждын мүчөлөрү болгону айтылууда.

Эбрахим Раиси 19-майда күндүз Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, азери президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышына катышкандан кийин кайтып келаткан. Бул — эки өлкө чек ара тилкесиндеги Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Количество просмотров: 108