• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанга Ирандын биринчи вице-президенти келди

15 Баш оона 20259:26 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 14-августунда — Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргыз Республикасына сапар менен келди.

Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. 

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

Количество просмотров: 114