• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ири пара үчүн айыпталган аткаминээрдин соту болот

20 Бугу 20199:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Бишкектин Биринчи Май райондук соту транспорт министринин пара менен кармалганы кабарланган мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону улантат. Бул тууралуу маалымат тиешелүү соттон алынды.

Алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде үч кишинин — Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган.

2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга калган.

Эске салсак, 2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Атайын кызматтын материалдарына караганда, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Количество просмотров: 16