• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ири суммадагы акча алдамчылыгына шектүү УКТ мүчөсү кармалды

31 Үчтүн айы 2024 10:02 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда ири суммадагы акча алдамчылыгына шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылы 24-декабрда өзүн «Султан» деп тааныштырган адам «Корея өлкөсүнөн алып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткенин айтып, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу сот жообуна тартылган, УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1990-жылы туулган И.И. кармалып, камакка алынды.

Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшүү уланууда.

Количество просмотров: 139