• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ири суммадагы акча алып жаткан учурунда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

9 Баш оона 2023 10:55 Бишкек Govori.TV

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Ал мурда үч жолу соттолгон.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту («Опузалап талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды.

Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Кармалган О.у.Н. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 211