Бишкек 16.03.18 Govori.tv
Бул тууралуу депутат айым КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
«24-март, 7-апрель революцияларында эл коррупцияга каршы чыккан. Бүгүнкү абалды карап туруп, революциялардын талабы аткарылбагандыгына көзүм жетти. Күч органдары кагаздарды көтөрүп келишип, иш жүрүп жатканын айтышат. Чындыгында баардыгы мурдагыдан да жаман. Коррупционерлерди Жогорку Кеңеште отурган депутаттар калкалап жатышат. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөм деп жатат. Бирок мындай иш болсо, эч кандай жыйынтык болбойт»,-деди Ирина Карамушкина.