• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ирсалиев: Кара-Суу, Ноокат, Сузак районунун жашоочуларына пенсияларын почта кызматы жеткирип берет

7 Чын куран 2020 16:33 Бишкек Govori.TV


Бул айда Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда карточка аркылуу пенсия алгандарга пенсияларын почта кызматы жеткирип берет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында,  бул айда Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда пенсиясын карточкасы аркылуу алган пенсионерлерге акчасы почта кызматы тарабынан жеткирилерин билдирди.

«Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда 60 миңден ашык пенсионер пенсияларын банк аркылуу алчу. Бул райондордукун почта кызматына өткөрүп жатабыз. Бул убактылуу түрдө 1 айга эле болуп жатат. Пенсионерлер муну туура түшүнөт деп ойлойм», — деди Ирсалиев.

Социалдык фонддун төрагасы үч райондогу пенсионерлерге пенсиясын жеткирген учурда, алар үйүндө болбой, акчасын ала албай калса, албай калган пенсиясы кийинки айдагы пенсиясы менен бирге карточкасынын эсебине толук которуларын кошумчалады.

Количество просмотров: 115