• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ирсалиев КСДПнын талапкерлер тизмесинен өз арызы менен чыкты

9 Чын куран 2020 17:52 Бишкек Govori.TV


Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан Дүйшөн Ирсалиев
КСДПнын талапкерлер тизмесинен өз арызы менен чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) жыйынында белгилүү болду.

Осмонбек Артыкбаевден бошогон мандат Дүйшөн Ирсалиевге берилмек. Бирок Ирсалиев өз арызы менен тизмеден чыгып кеткендиктен Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп катталган.

Артыкбаев Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иште айыпталуучу болгон. Ал Бишкектин Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрдагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски редакция) 30-берененин 3-бөлүмү, 303-берененин 2-бөлүмү, 304-берененин 4-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылган. 2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Свердлов райондук сотунун өкүмү айрым өзгөртүүлөр менен күчүндө калтырылган.

Количество просмотров: 172