• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иса Өмүркулов: Малахов бизди мазактады

26 Аяк оона 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов «Россия 1» каналынын алып баруучусу Андрей Малаховдун түз эфирде айткан сөзү тууралуу пикирин билдирди.

«Мен ал көрсөтүүнүн өзүн көргөн жокмун, бирок социалдык тармактан окудум. Эгер ошондой деген болсо ал туура эмес, бул бизди жамансынтып, басмырлап, мазактагансып көрүндү. Ал сөзсүз түрдө кечирим сураш керек», деди Өмүркулов.

Белгилей кетсек, 24-сентябрда теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Количество просмотров: 393