Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Солтон-Сары жайлоосунда бир эле короонун малы кырылганы бизди күмөн санатууда. Бул туурасында Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.
«Солтон-Сары жайлоосунда 27 малчы бар. Ошолордун ичинен бир эле короодогу мал кырылып жатканы күмөн санатууда»,-деди Исаков.