• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Исакова: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында иш алып барам

10 Бештин айы 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Мавлюда Исакова.

Ал Бишкек шаарынан келген, мамлекеттик кызматкер, 3 баланын апасы.

«Эмгек жолумду мугалим кесибин аркалап баштагам. Директордун орун басары, андан соң директор, анан акимчиликке которулуп олтуруп мамлекеттик кызматка өтүп кеттим. Мамлекеттик кызматта жүрүп бир топ тажырыйба топтодум. Учурда Маданият министрлигинде иштеп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында иш алып барып жатам. Тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган, анын негизинде иш алып барып жатабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 164