• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Рычкова: Келечекте өзүмдү чоң саясаттан көргүм келет

11 Бештин айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Анна Рычкова.

35 жаштагы Рычкова келечекте өзүн чоң саясаттан көргүсү келет.

«Бүгүнкү күндө жеке ишкерлик менен алектенем. Акыркы убакта өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө көңүл буруп жатам. Коомго пайда алып келе турган иштерди жасагым келет. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрүн, саясий-лидерлик сапаттарды калыптандыруунун жолдорун үйрөнгүм келет»,-деди Рычкова.

Количество просмотров: 109