Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин адиси жумуш ордунда компьютердик оюндарды ойногону үчүн жумуштан алынды.
Маалыматта айтылгандай, ал Эмгек Кодексинин 43-беренесине ылайык 10-июлдан баштап аталган башкармалыктын долбоорлоо бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулду. Ал эми Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районундагы башкармалыгынын жетекиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесине ылайык тартиптик жазага тартылат.
Буга чейин социалдык тармактарда департаменттин бөлүмүнүн кызматкери жумуш убагында кызматтык кабинетте компьютердик оюн ойноп жатканы тууралуу видео пайда болгон.