• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Иш таштоо жок, дарыгерлер иштеп жатышат

21 Бугу 201911:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер менен мед айымдардын айлык маянасы көтөрүлдү. Бийик тоолуу райондордо иштеген дарыгерлердики 25-30 жетиши мүмкүн. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министрлигинен такташты. Ошондой эле,  дарыгерлер иштеп жатышат, иш таштоо маселеси жок экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары, азыркы учурда саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик камсыздандыруу фонду биргеликте стационардык бөлүмдүн дарыгерлеринин айлык акысын  көтөрүү маселеси каралып жатканын айтышты.

Эске салсак, үй-бүлөлүк дарыгерлер менен жалпы практикадагы догдурлар биримдигинин айлыктары 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштарын билдиришкен маалымат тараган. Анда, “Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү деген жалган маалымат таратып жатышат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да эч бир өзгөрүү болгон жок»- деп билдиришкен.

Количество просмотров: 26