• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Исхак Масалиев: «Президент бул мыйзамдан баш тартып, кайрадан кароого жөнөтөт деп ишенем»…

23 Кулжа 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште кумарканаларды ачуу боюнча кабыл алынган мыйзам долбооруна байланышкан кайчы пикирлер уланууда.


Бугүн, 23-июнда болуп жаткан жыйында депутат Исхак Масалиев өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, кумарканага байланышкан мыйзамга президент Садыр Жапаровду кол коюудан баш тарттыруусун суранды.


«Кечээки кабыл алынган мыйзам боюнча, Алмаз Акунжановичке сунуш катары кайрылат элем. Сиз президентке жеткирип, кынтыксыз кабыл алынган эмес деп кол коюудан баш тарттырыңыз. Бул тарыхта чын эле калат. Тарыхта биринчи жолу Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүм башчысы Конституцияны чечмелеп, бизге түшүндүрмө берип жатат. Бул таптакыр мыйзамга дал келбеген нерсе.


Бул мыйзамдын кемчилиги бар. Башынан эле айтканбыз. Мен сизден суранат элем. Жогорку Кеңеш өз кадамын аткарды. Эгер президент мыйзамга бекем турса, бул мыйзамдан баш тартып, кайрадан кароого жөнөтөт деп ишенем», — деди ал.


Ал эми Алмазбек Абытов президенттин кайсы бир мыйзамга кол коюп же койбошу өзүнүн ыйгарым укугу экендигин жана буга эч ким кийлигише албастыгын билдирди.

Количество просмотров: 477