Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев GOVORI.TV мультимедиалык маалымат агенттиги 5 жылдык юбилейи менен куттуктады.
Анын айтымында, Govori.TV туура багытта бара жатат.
«Мен акыркы 5 жылдан бери сиздер менен кызматташып келе жатам. Жеке пикиримде телеканал туура багытта бара жатат. калыс пикирди элге жеткирүү аракети көрүнүп турат. Эч жака ообой, бир тарапка тартпай иштей бергиле. Бүгүн коомубузда калыс пикир жетпейт. Чындыкты жеткирсеңер силерди ийгилик коштоп жүрөт. Жакшылыктарды гана каалайм!»,-деди эл өкүлү Масалиев.