• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Исхак Масалиев министрликке талапкер Машиевдин качан депутат болгонуна кызыкты

4 Аяк оона 202412:41 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев, Жаратылыш ресурстары министри кызматына талапкер Медер Машиев качан Жогорку Кеңеште депутат болуп келгенине кызыкты. 4-сентябрдагы отурумда ал депутаттарга берилген талапкердин өмүр баянында Машиевдин депутат экени көрсөтүлгөнүн айтты.

“Сиз качан Жогорку Кеңештин депутаты болгонсуз, мен сизди эстей албайм», — деди Масалиев.
Машиев «эч качан депутат болгон эмесмин» деп жооп берди.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов бул техникалык ката экенин кошумчалады.

Масалиев материалдарды топтоодо этият болууну суранды.

Количество просмотров: 214