• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ишембиликте 5 миң тоннадан ашык таштанды чогултулду 

15 Аяк оона 202415:33 Бишкек Govori.TV

Кечээ өлкө аймагында ишембиликте 5146,8 миң тонна таштанды чогултулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал жалпы ишембиликке 295 миң 127 адам катышканын айтты.

«Тоо арасында, жаратылыш койнунда эс алуучулар тарабынан ыргытылган таштандылар, тамак-аштын калдыктары, желим бөтөлкөлөр тазаланды. Жалпы 5146,8 тонна таштанды чогултулду», — деди Байсалов.

Ошондой эле ал кайсы аймакта таштанды көп чогулганын, ага ылайык кайсы аймакта таштанды көп ыргытыларын графиктен көрсө болорун белгиледи.

Количество просмотров: 84