Бүгүн, 27-декабрда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында ишкерлер нааразычылык акциясын өткөрдү. Митингге чыккандар Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы колдоп берген жаңы Салык кодексин артка кайтаруу талабын коюшту.
Нааразычылык акцияга чогулгандарга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, экономика, коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башкалар чыкты.
Соодагерлер аларга кодексти кайра артка кайтаруу талапбы жазылган кат тапшырып, 29-декабрга чейин убакыт беришти. Кожошев Жогорку Кеңеш кабыл алган кодексти президент карай электигин айтты. Анын айтымында, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Жаңы салык кодексинин долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, «Дордой» сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Буга ишкерлер нааразы болушууда. Ал эми Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнү жүйө кылып жатат.