• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Искендер Матраимовдун турак-жайы жок

12 Бештин айы 2018 8:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Бажы дегенде эске келе турган, «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Раимбек Матраимовдун агасы  депутат Искендер Матраимов берген декларацияда турак-жайы жок деп табылган. Бирок эл өкүлү документте маалыматтар ката жазылган деп кутулду.

«Менин башым декларациядан башка нерсе менен ооруп жатат. Жооп бере албайм.  Башка суроону ойлонуп жүрөм. Ооба декларацияда менин үйүм жок. Турак-жайды аялыма каттатканбыз. Ал дагы үй-бүлөөбүздүн мүчөсү да…”,-дейт Матраимов.

Аткаминерлердин топтогон байлыктарын ачыктоо аракети коомчулук тараптан колдоого алынып жатат. Бирок мындай жагдайларды түптамырынан жок кылуу үчүн жазаны күчөтүү керектигин Кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев сунуштоодо. Баарынан мамлекеттен жеген акчасын эселеп төлөтүү зарылдыгын эскертти.

«Бул маселеде кылмыш жоопкерчилигине тартуу жетишсиз. Кеткен чыгымдар төлөтүлбөйт. Ошондуктан каржылык санкцияларды көбүрөөк колдонуу зарыл. Мүмкүн болушунча мамлекетке келтирген зыянды он эсе төлөтүш керек дагы, экинчи мамлекеттик кызматка келбейсиң деген талапты коюу керек”,-деп эсептейт Арабаев. 

Ушундай жол менен гана мамлекеттик кызматтын кадыры жана баасы өсө турганын эксперттер айтышат.

Эскерте кетсек, азыркы тапта чиновниктердин 2017-жылга карата декларациялары текшерилип жатат.

Булак: “Марал” радиосу

Теги:
Количество просмотров: 36