• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Телевизору, телефону жок окуучулардын көбү Бишкекте жана Чүйдө жашайт

4 Аяк оона 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.


Буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде
министрлик муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен
камсыздаган.
Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1928 телевизор жана 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.


Жаңы окуу жылынын баштылышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:

Облус/шаарКанча окуучунун
үйүндѳ телевизору жок
Канча окуучунун ѳздүк
уюлдук телефону жок
Талас облусу06113
Ош облусу85235
Жалал-Абад облусу264953
Нарын облусу11954
Баткен облусу2382392
Ысык-Көл облусу5441137
Чүй облусу199412606
Ош шаары0193
Бишкек шаары3507717

Республика боюнча 3594 бала телевизор көрө албайт, 31400 балада телефон жок.


Билим берүү жана илим министрлиги сыналгы жана смартфон жетишсиз болгон окуучуларга жардам берүү иштерин жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамында жүргүзүүнү улантууда.

Количество просмотров: 139