• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин депутаттары чогула албай чуулдашты

8 Тогуздун айы 2020 8:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү.

Бул жыйынга 40 депутат келгенин «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок.

Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Депуттардын айтымында айрым депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, кээ бирлери коркуп жыйынга келбей жатканын айтты.

https://www.facebook.com/dani.jonas.9/videos/3704200599624057

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин кабарланган.

Депутат Эльвира Сурабалдиева “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеосунда ал “Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун ишеним кат бергени чынбы? Ошол кат сизде барбы?”- деген суроосуна Абдылдаев “Ооба, менде бар” – деп жооп бергенин көрүүгө болот.

Ал эми ЖКнын басма сөз кызматы депутаттары А.Жээнбеков, Т.Зулпукаров жана И.Матраимов КСДП фракциясынын депутаттарынын бирине ишеним кат беришкени чын экенин айтты. “Ишеним каттар М.Абдылдаев төрагалыкка шайлана электе эле берилген”, – дейт ал.

Количество просмотров: 160