• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын форуму өтөт. Кандай пайдасы бар экендиги айтылды

24 Бирдин айы 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (IBIC) 2023-жылдын 13-14-мартында Бишкекте биринчи Ислам бизнеси жана инвестициялык форумун өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралдагы маалымат жыйында айтылды.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө 70 миллионго жакын адам жашайт. Алардын 55 миллиондон ашыгы мусулмандар. Биздин Борбор Азия чөлкөмүнүн жарандарында, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарында ислам системасын жана анын адилеттүү принциптерин каржы, кредиттик, экономикалык жана ишкердик чөйрөлөрүндө изилдөө жана колдонуу механизмдери да, потенциалы да жок. IBIF-2023 форуму бул маанилүү жана пайдалуу иштин башталышы болот. Бул Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтчанын бир түрү экендиги белгиленди.


Биринчи IBIF форумуна мамлекеттик органдардын, эл аралык фонддордун жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ишкерлери катыша тургандыгын ырасташты.


«Форум катышуучу өлкөлөргө бири-бирин жакшыраак таанып-билүүгө, ошондой эле социалдык жана экономикалык байланыштарды чыңдоого, Борбор Азия өлкөлөрүндө исламдык инвестицияны, ишкердүүлүктү жана инновацияларды илгерилетүү боюнча тажрыйба жана билим алмашууга жардам берет деп ишенебиз», — деп баса белгиледи форумдун уюштуруучусу IBIC корпорациясынын вице-президенти Мурад Секакмиа.


Биринчи форумдун катышуучулары ишкерликти өнүктүрүү, ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө исламдык каржы системасын илгерилетүү маселелерин талкуулашат.


Форумдун жүрүшүндө эл аралык экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн стратегиялык перспективаларын аныктоо боюнча сунуштар иштелип чыгат. Ошондой эле инвестиция жана ислам финансы системасынын институттарынын иштеши жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзамдык сунуштар жана демилгелер сунушталат.


Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду каржылоонун жана ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүп, тажрыйба алмаша алышат.
Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына түз исламдык инвестицияларды тартуу үчүн аянтча болуп калат.


Келечекте IBIF форуму Кыргыз Республикасында жыл сайын өтүүчү эл аралык иш-чарага айланат.
Биринчи IBIF-2023 форумунун уюштуруучулары: Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (IBIC), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, JTA International Holding (Катар), Россия- Араб изилдөөлөр жана маалымат фонду (Сауд Арабия Королдугу).

Мындан сырткары Форумду Сауд Арабиялык ишкерлер каржылай турганын айтышты.

Форум Исламдын шарттарына ылайык иш алып барат. Ислам банктарында кардар үчүн ыңгайлуу шарттар бар. Ал жакта пайызсыз насыя берилет. Эгерде ишкерге акча керек болсо берилет. Бирок, андан пайыз алынбайт. Мисалга алсак, 10 миң доллар алса, ошол эле акчаны төлөйт. Эгерде ишкер аркага кетип, банкрот боло турган болсо, эки тарап чыгымын биргелешип төлөшөт. Пайда көрсө, пайдасын да экиге бөлүшөт.

Эмне үчүн инвестиция көрсөтүү үчүн Кыргызстан тандалып алынганы тууралуу билдирип, Кыргызстанда инвестиция кылуу үчүн тармак көп жана аларды өнүктүрүүчүлөр башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз.

Количество просмотров: 244