Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү экологиялык демилгелерге, токой тигүүгө жана дамбаларды курууга миллиарддаган долларларды коротууда. Бирок, суунун тартыштыгы күчөп, климат барган сайын күтүүсүз болуп баратат. Суу ресурстарын башкаруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча Борбордук Азия эксперттик платформасынын аймактык координатору Булат Есекин төмөнкүнү ырастайт: биз Жердин «иммундук системасын» жок кылуу менен, болгону анын кесепеттери менен күрөшүп жатабыз.
Климаттын өзгөрүшү бир гана CO2 газынын бөлүнүп чыгышына байланыштуу деген пикир — бул маселенин өзөгүнөн алыстаткан жөнөкөйлөтүү. Миллиондогон жылдар бою планетадагы туруктуулукту табигый экосистемалар камсыз кылып келген. Дал ошолор бууланууну, нымдуулуктун жылышын жана дарыялар менен көлдөрдүн калыбына келишин жөнгө салат.
«Климатты газ калдыктары эмес, миллиондогон жылдар бою биздин планетадагы табигый экосистемалар жөнгө салып келген. Ал эми биз бүгүн ошол системаларды климаттык, суу жана экологиялык программалар деген шылтоо менен ийгиликтүү талкалап, жок кылууну улантып жатабыз».
Экосистема дени сак болгондо, ал топуракты нымдап, жашоону колдоо боюнча бирдиктүү механизм катары иштейт. Бул механизмди бузуу менен биз планетанын табигый муздатуу системасын өчүрүп жатабыз.
Токой — бул жөн гана бак-дарактардын жыйындысы эмес. Бул эң татаал байланыш тармагы. Окумуштуулар табигый токойду адамзат али акылы жете элек кубаттуу компьютерге салыштырышат.
Көптөгөн өлкөлөр миллиондогон саксаул же карагай көчөттөрүн тиккени тууралуу отчет беришет. Бирок, эксперттин айтымында, жасалма токойлор көбүнчө абалды начарлатат.
«Токойлорду катар-катар кылып, бир түрдүү жана бир курактагы бактарды тигүү зарыл болгон генетикалык программага ээ эмес. Аларда жалпы система менен байланыш жок. Алар калыбына келтирүүнүн ордуна, тескерисинче, табигый экосистемалардын бузулушун гана тездетет».
Жасалма токой «үнсүз». Анда татаал тамыр системасы, ар кыл курактагы жана ар түрдүүлүктөгү өсүмдүктөр жок, демек — нымдуулукту башкаруу программасы да жок. Биз бетон дамбаларды куруп, «жансыз» токойлорду тигүү менен суу тартыштыгына көнүүгө аракет кылып жатабыз, бирок дал ушул аракеттер көбүнчө көйгөйдүн күчөшүнө себеп болууда.
Экосистемалардын иштеши тууралуу илимий билимдер туруп, эмне үчүн биз ката кетирүүнү улантуудабыз? Булат Есекин мунун негизги себебин илим менен башкаруунун ортосундагы ажырымдан көрөт.
«Окумуштуулардагы илимий билим менен саясаттын бизнестин кысымы астында жасап жаткан иштеринин ортосунда чоң ажырым бар. Биз илимге таянбай жатабыз — биздин замандын башкы трагедиясы ушунда».
Климаттык кризисти токтотуу үчүн бир гана газ калдыктарын азайтуу жетишсиз. Акыркы жапайы экосистемаларды талкалоону токтотуп, жаратылышка өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдерин иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Саясат экологияга өз шартын таңуулап жаткан чакта, планетанын деградациясы ылдамдай берет.