Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чыкты. Алтын үчүн болгон чечүүчү кармашта Гвинеядан келген спортчу менен беттешип, аны 11:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн оюндардагы төртүнчү жана экинчи алтын медаль болду.