• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ислам оюндарында кикбоксчулар өлкө капчыгына эки медаль алып келишти

18 Баш оона 20229:24 Бишкек Govori.TV

Кикбоксер Адилет Улан уулу Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге татыды.

Ал 60 кг салмак категориясында катышкан.

Адилет Улан уулу алгачкы беттеште Азербайжандык спортчуну, жарым финалда Иорданиялык кикбоксерду жеңип, финалда түрк атаандашына жеңилип, күмүш байгенин ээси болду.

Ал эми дагы бир кыргызстандык кикбоксер Аброр Хакимов аталган оюнда коло байгени багындырды.

Спортчу 71 кг салмак категорияда катышкып, алгач Казакстандык, андан кийин Түркмөнстандык спортчуну жеңип, жарым финалда Түркиялык спортчудан жеңилип калган.

Белгилей кетсек, 9-18-август аралыгында Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн спортчулар катышууда.

Количество просмотров: 131