• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ислам шериктештиги оюндарында Эрназар Акматалиев алтын алды

11 Баш оона 202223:03 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Эрназар Акматалиев жалпы 4 беттешке чыкты. Алгач түркмөнстандык балбанды, кийин 11:0 эсебинде тажикистандык балбанды жеңди. Жарым финалда азербайжандык балбан менен күч сынашып, 12:1 эсебинде утту. Ал эми финалдык беттеште Акматалиев 6:0 эсебинде ирандык балбанды жеңди.

Белгилей кетсек, бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы.

Количество просмотров: 217