• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Исламабадда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды

23 Жалган куран 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 22-мартында Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-жыйынынын алкагында америка тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Американын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле КР менен АКШнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын эске алуу менен, кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун келечегин талкуулашты. Анда демократиялык өнүгүү, адам укуктары жана жарандык институттардын ишмердүүлүгү сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.

Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын «С5+1» форматында мындан ары өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 28-февралында бул форматта онлайн режимде болгон министрлердин жолугушуусу канааттануу менен белгиленди.

Мындан тышкары, Украинадагы учурдагы кырдаал талкууланды. Кыргызстандын тышкы иштер министри Р. Казакбаев белгилегендей, Кыргызстан россия эли менен да, украин эли менен да тыгыз достук байланышта. Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий жана дипломатиялык жол менен сүйлөшүүлөр аркылуу гана, анын ичинде жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен чечүү зарыл деп эсептейт.

Р. Казакбаев Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуу үчүн эл аралык коомчулук мындан ары тынч жашаган калктын курмандыктарын болтурбоо үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоо керектигин белгилеп, кыргыз тарап тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүүгө даяр экенин дагы бир жолу белгиледи.

Тараптар коопсуз гуманитардык коридорлорду камсыз кылуунун, ошондой эле тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Министр Р.Казакбаев Кыргызстан БУУнун Уставында каралган жалпыга таанылган эл аралык укук ченемдерин жана принциптерин, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактай тургандыгын белгиледи. Министр ошондой эле бул жаңжалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңешинин ролун күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары У. Зея БУУнун Уставынын принциптерин жана ченемдерин сактоо жана Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгы тууралуу кыргыз тараптын пикирине макул экендигин билдирди.

Количество просмотров: 123