Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нура Голли менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Жолугушууда министр эки өлкө ортосунда ийгиликтүү бир катар маанилүү иш-чараларды белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы жүк ташууда Кытайдан Кыргызстанга андан ары Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга, Каспийге чыгуу менен транспорттук коридорду ишке киргизүү жаатында ийгиликтүү кызматташуунун маанилүүлүгүн айтты.
Нура Голлиев энергетика жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты, өз ара соода көлөмүнүн өсүшүнүн оң динамикасын баса белгиледи. Ошондой эле Ашхабад шаарында инвестициялык форум өтө тургандыгы белгилүү болду.