• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исмаилова: Учурда дары-дармектердин жетишсиздиги байкалган жок

29 Теке 2020 14:20 Бишкек Govori.TV

Учурда Кыргызстанда дары-дармектердин жетишсиздиги байкалган жок. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлде дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. “Бизде коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны жогорулаган маалда дарыларды алып-сатуу учурлары болгон. Мындан улам жарандар дарыканалардан керектүү болгон клексан, гепарин жана антибиотиктер сыяктуу дарыларды таба албай калышкан”, — дейт ал.

Исмаилованын белгилегендей, буга байланыштуу өкмөт токтом чыгарган. “Ага ылайык, фармацевтикалык компанияларга тизмеге ылайык белгилүү бир дарыларды импорттоодо жеңилдиктер түзүлгөн. Учурда дары-дармектер боюнча көйгөй жок. Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп жатат. Азыр мамлекет тарабынан дары-дармек сатып алуу маселеси каралууда”, — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 57