• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Исманкулов Бейшеналиевге койгон дооматтарынан баш тартты

13 Жалган куран 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 10-марттагы чечими менен Алмазбек Исманкуловдун КРнын мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо тууралуу доо арызы боюнча жарандык иш токтотулду. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исманкулов 1 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруудан баш тартканын билдирди.

Исманкулов ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыз менен 2022-жылдын июль айынын аягында Ленин райондук сотуна кайрылган. Иш бир нече кароодон өткөн.

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда имаратты бошотууга тийиш болгон Исманкулов атындагы Көз микрохирургиясы клиникасы жайгашкан шаардык оорукананын имаратына келип, аны бошотуу талабын айткан. Ал ошол учурда клиникада болбогон Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, «Эй, лопух, мен сени көп күндөн бери издеп жүрөм, үч саатта чыгып кетпесең, кыйынчылык болот» — деген.

Эскерте кетсек, мындай сөздөрү үчүн Бейшеналиевге сөгүш жарыяланган болчу.

Кошумчалай кетсек, кийинчерээк клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

Количество просмотров: 142