• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исманкуловдун клиникасынын алдында 5 күндөн бери пикет өтүп жатат

13 Бугу 2022 13:30 Бишкек Govori.TV

«Алмазбек Исманкуловдун көздүн микрохирургиясы клиникасынын» алдында бүгүн, 12-майда дагы нааразычылык акциясы уюштурулду. Бул тууралуу Govori.TVга оорукананын өкүлдөрү билдиришти.

Чогулгандар 5 күндөн бери клиниканын алдына барып имаратты жана клиниканын жабдыгын мамлекетке өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Оорукананын өкүлдөрү клиниканын жабдыгы менчик мүлк экенин, ал эми имарат ансыз да мамлекетке таандык экенин белгилешти.

Эске салсак, №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борборунун көчүп кетишин талап кылып, 25-мартта Бишкек мэриясынын тийиштүү өкүлдөрү барган. Кийин Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен ижара келишими жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 562