• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Июнь айынан тарта ысык суу менен жылуулукка тарифтерди көтөрүү сунушталды

7 Чын куран 202512:28 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги 2025-2030-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун талкууга койду.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, 2025-жылдын 1-июнунан тартып жалпы аянты 80м2ка чейин болгон калк үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында нарктан 25%га, 2026-жылдын 1-июнунан тартып 50%га, 2027-жылдын 1-июнунан тартып 75%га көбөйтүүнү болжолдойт.

«2024-жылы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын кирешеси 11,2 миллиард сом, чыгашасы 17,3 миллиард сом болуп, тартыштык 6,1 миллиард сомду түзгөн. Алардын чыгымын жабууга 4,3 миллиард сом субсидия бөлүндү», — деп айтылат негиздемеде.

Учурда калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтер төмөнкүдөй бекитилген:

  • жылытууга – 1 560,0 сом/Гкал;
  • ысык суу менен камсыз кылуу максатында (ысык суудагы жылуулук энергиясы үчүн) – 1 560,0 сом/Гкал;
  • ысык суу менен камсыз кылуу максатында (эсептөө приборлору боюнча ысык суу үчүн) – 108,07 сом/м3;
  • ысык суу менен камсыз кылуу максатында (ченемге ылайык ысык суу үчүн бир кишиге тариф боюнча) – 518,74 сом/ай.
Количество просмотров: 186