Түркиянын Измир шаарында жер титирөөдө каза тапкандардын саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, учурда 962 жаракат алган адамдардын 743ү ооруканадан чыгып, 219 жаран дарылануусун улантууда. Ал эми урандылардын астынан адамдарды издөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ондогон бийик имараттар урап калган.