• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Израилде экс-президенттин уулу мамлекет башына келди

3 Кулжа 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Ицхак Херцог Израилдин 11-президенти болуп шайланды. 2-июнда өлкө парламенти-Кнессеттин 120 депутаты жашыруун добуш берүү аркылуу 60 жаштагы Херцогду тандашты.

Ал Израилдеги Лейбористтик партиянын мурдагы төрагасы жана оппозиция лидери болчу. 2013-жылы өткөн парламенттик шайлоодо азыркы өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхуга атаандаш болуп чыккан.

Атасы Хаим Херцог дагы 1983-1993 жылдары Израилдин президенти болгон. Ал эми жакын тууганы Абба Эбан Израилдин биринчи тышкы иштер министри жана БУУ менен АКШдагы атайын чабарманы болуп иштеген.

Израил парламенттик мамлекет болгондуктан, премьер-министр башкарат. Президенттин ыйгарым укуктары кыйла чектелген.

Количество просмотров: 103