10-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында депутат Гуля Кожокулова зомбулук күчөп жатканын белгилеп, камакка алуу мөөнөтүн дагы узартууну сунуштады:
“Үй-бүлөлүк зомбулуктар көп катталып жатат. Акыркы үрөй учурган окуялар кырдаал дагы да оор экенин көрсөттү. Ушундай шартта жоопкерчиликти, жазаны күчөтүү керек. Азыр эми ошол 14 күн эмне берет? Эмнеге 5 күндөн 15 күнгө чейин эле узартып жатабыз? Чынын айтсак, бул убакытта зомбулук кылган киши соолугуп, акылына да келип үлгүрбөйт. Балким, бир ай, болбосо үч айга чейин камакка алуу чарасын киргизебиз”, – деди ал.