• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапырт камоого депутаттар кандай баа берет?

26 Тогуздун айы 202213:55 Бишкек Govori.TV

Депутат Адахан Мадумаров Бишкекте башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, жапырт камалган саясатчы, активисттер боюнча маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды.


«Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат» деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес», — деди Мадумаров.


Депутаттын сунушун айрым кесиптештери четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Натыйжада жапыр камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.


Айрым эл өкүлдөрү бул тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

Количество просмотров: 622