• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу боюнча үч мамлекеттин демилгесин БУУ колдоду

11 Тогуздун айы 202416:52 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 10-октябрында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 57-сессиясында тийиштүү мүчө мамлекеттер үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуга багытталган резолюцияны бир добуштан кабыл алышты. Анда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан иштелип чыккан демилге Кеңештин бардык мүчө өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуп, бул көйгөйдүн эл аралык аренада маанилүүлүгү жана актуалдуулугу баса белгиленди. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргыз Республикасынын делегациясы бул резолюциянын негизги максаты үй-бүлөдөгү зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга жана жоюуга багытталган дүйнөлүк стандарттарды калыптандыруу экендигин белгиледи. Ошондой эле, аталган зомбулуктун чек аралары жана маданий айырмачылыктары жок экендиги жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү адамдарга таасир тийгизгени да айтылды.

Мындай мүнөздөгү, тактап айтканда үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн чечүүгө багытталган резолюция БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин тарыхында биринчи жолу талкууланды. Ошондуктан ал бардык мүчө мамлекеттер тарабынан таанылып, колдоого алынды.

Количество просмотров: 175