• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

“Үй бар”. Баткенде качкан жарандарга жергиликтүүлөр жардам берүүдө

16 Аяк оона 202213:26 Бишкек Govori.TV

Баткенде кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлерден качкан жарандарга жергиликтүү тургундар жардам берүүдө.

Соцтармактын колдонуучусу Гүлпери Жанышбековна Баткенде жол боюнча “Үй бар” деген жазуу бар кагазды кармаган кыргызстандыктардын сүрөтүн жарыялады.

Жанышбековна “»Канча адам болсо, айтыңыздар баарын үйгө баткырабыз, багып алабыз» — дешет. Чыныгы патриоттор”, — деп жазган.

Мындан сырткары, Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды.

Количество просмотров: 44