• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үйүңөрдөгү таштандыны тазалап тургула!

20 Баш оона 202417:12 Бишкек Govori.TV


Бишкек шаарынын тургуну көп убакыт бою үйүнө таштандыны үйүп келген. Натыйжада ал 40 тоннага жеткен. Адам чыдагыс жыттан улам, кошуналары Свердлов райондук админстрациясына кайрылышкан.

Райондук администрация кызматкерлери үйдүн ээсине таштандыны тазалоо тууралуу айтканы менен, тиги кулак салган эмес. Акыры буга Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев кийлигишип, атайын комиссия уюштурулган.

Шардык тиешелүү мекемелер Бишкектин Суворов көчөсүндөгү үйдөн 40 тоннага жакын акыр-чикирди тазалап, чыгарышкан.

Бир эле үйдүн таштандысын «Бишкек санитардык полигону», «Тазалык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынан жүк ташуучу унаалар жана 1 жүктөгүч менен тазалоого туура келди. Үй ээсине тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди бузууга жол берилбестиги тууралуу айтылды.

Количество просмотров: 157