• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үй жанында турган унаанын төрт дөңгөлөгүн уурдап кетишти

28 Жетинин айы 20189:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын тургуну Эрназар Карыбековдун үйүнүн алдына турган унаасынын төрт дөңгөлөгүн чыгарып кетишкен.
“Түнү саат 2лер чамасында жумуштан келип, унаамды үйүмдүн алдына жол жээгине токтотуп койгон элем. Эрте менен саат 6да чыксам эле төрт дөңгөлөгүн уурдап кетишиптир. Уурулар дөңгөлөктөрдүн ордуна кыш тизип коюшкан”, – деди Карыбеков.
Ал милиция кызматкерлерине кабар берген. Азырынча кылмышкер кармала элек.
Булак: «Калыс Медиа»
Количество просмотров: 33