Пакистан полициясынын маалымдашынча, Пенжаб провинциясында эки автобус кагылышкан окуядан 19 киши өлүп, дагы 35 адам ар түрдүү жаракат алды. Кырсык 21-октябрда Лахор провинциясындагы Дера-Гази-Хан шаарына жакын жердеги көпүрөдө болгон. Сүзүшкөн учурда эки автобус тең катуу бараткан.
Премьер-министр Имран Хан каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Расмий статистика боюнча Пакистанда жол кырсыктары көп катталат. Буга жолдордун начардыгы, автоунаалардын эскилиги жана жол эрежелерин сактабагандык себеп болору айтылат.