20-23-июль күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2025-жылдын 20–23-июль күндөрү Монголия Республикасынын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.
Бул иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Унаа кыймылы убактылуу, делегациянын кортежи өткөн учурларда гана чектелет: Бишкек шаарында — «Манас» аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейинки жана кайра кайтуу багытында, ал эми Ысык-Көл облусунда — 21–23-июль күндөрү расмий иш-чаралар өтө турган айрым жол тилкелеринде убактылуу чектелет.
“Иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алуу менен жарандардан киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытыңарды алдын ала мерчемдеп алууну, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана унааларды борбордун көчөлөрүнүн боюна калтырбоону сунуштайбыз”, — деп айтылат маалыматта.