• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Умрадан дагы 300дөй кыргызстандык кайтып келет

18 Жалган куран 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Жакынкы күндөрү Сауд Арабиясынан дагы 300дөй кыргызстандык кайтып келет. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн пресс-конференцияда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Исаков муну кооптондуруучу нерсе катары кабалдабаш керек экенин белгиледи:

«Эртең 100 адам, бүрсүгүнү 200 адам кайтып келет. Бул кооптуу сан эмес. Эгер ошончо оорулуу адам келет десек, корксок болот. Алар оорулуулар эмес, баары биздин жарандар. Биз сөзсүз түрдө баарынан лабораториялык анализ алабыз. Албетте, баарын карантинге алабыз», — дейт Исаков.

Количество просмотров: 3655