Элчи Кылычбек Султан: Президент мени жумуштан албайт
Элчи Кылычбек Султан: Президент мени жумуштан албайт
25 Аяк оона 201813:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.
КРдин Кореядагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси Кылычбек Султан тышкы иштер министри Эрлана Абдылдаевдин аны жумуштан кетирүү керек деген чечими жөнүндө үн катты.
“ТИМдин мындай чечими ачык эле болчу. Бирок, акыркы чечимди президент кабыл алат. Ал эми президент өзү коррупция маселесин жашырбай, ачык айткыла деген. Мен ошондой гана кылдым. Президент мени кызматтан алууга макул болбойт деп ойлойм”,- деген сөзүн айтты Govori.TV агенттигине элчи.
Эске салсак, Кылычбек Султан учактын ичинде мас абалында чыр салды делген Каденованын маселеси боюнча кечээ маалымат жыйында маалымат берген.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик …