Бишкек.11.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 11-октябрда «Хаят» мейманканасында электр энергиясына байланыштуу тегерек стол болду. Бул жыйынга Өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү органдар жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Тегерек столдо электр энергиясына болгон тарифтер, анын баасы, кризис, андан чыгуу жолдору тууралуу сөз болду.
Электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүүсү карапайым калк үчүн туура болбойт деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев айтты.
Ал тарифти көтөрө турган болсок, мугалимдердин, врачтардын айлык акысын көтөрүү керек болот деген пикирин бышыктады.
Кожобек Рыспаев тарифтерди көтөрүүдөн мурда калктын көпчүлүк катмары кантип жашап жатканын эске алуу керектигинин белгиледи.
Өлкөнүн башка структуралары эле эмес, бул тармак дагы коррупцияга малынып калганы негизги көйгөй экени айтылды.
Электр энергиясына акчаны мамлекет төлөйт деген түшүнүктөн алыстап, үнөмдүү пайдаланууну эскерткендер дагы болду.