• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Эмгек жана социалдык министри Каденованын чуулуу иши боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

24 Аяк оона 201817:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
 Эмгек жана социалдык министри Таалайгүл Исакунова өзүнүн мурдагы орун басары   Зууракан Каденованын  учактагы  чуулуу факты боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Эске салсак, буга чейин, Зууракан Каденова Түштүк Кореяга эмгек өргүү алып учуп кеткен. Ал кызматтан кеткендиги тууралуу ишти сотко берүүгө ниети жок экендигин айткан.
Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет жакка барганын айтып, тийиштүү органдарды муну текшерип чыгып, маалымат берүүнү талап кылды.
Анда Касымалиева 2017 жана 2018-жылдары министр Исакунова күйөөсү жана баласын алып Швейцария, АКШ сыяктуу бир катар мамлекеттерге барганын белгиледи.

https://www.facebook.com/kg.sdpk/videos/326404941448998/

 

 

Количество просмотров: 18