• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери дипломаттык паспортту өз кызыкчылыгына колдонушканы аныкталды

25 Аяк оона 2018 16:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
КР Башкы прокуратура кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде “тышкы миграция” боюнча мызамга туура келбеген, дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жоболору тууралуу терс жагдайлар аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан кабарлады.
Аталган мекеменин учурдагы жана мурунку кызматкерлерине дипломаттык жана кызматтык паспортторду мыйзамсыз берген деген факт менен, административдик мыйзам бузуу” айыбы коюлуп, материалдар  Биринчи май райондук сотуна изилдөө жүргүзүү үчүн өткөрүлдү.
Мындан сырткары бул мекемеде дипломаттык паспортту өз кызыкчылыгына колдонгон деген кызматкерлер дагы аныкталды.
Учурда бул багытта текшерүү уланууда. Жыйынтыгында министрликтин жоопту тарабына юридикалык баа берилет.
Количество просмотров: 23