Мамлекеттик ипотека 7 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүүдө
Мамлекеттик ипотека 7 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүүдө
26 Тогуздун айы 201818:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV
Кыргызстанда ипотеканын пайыздык чен өлчөмүн төмөндөтүү каралууда. Мамлекеттик ипотекалык компания октябрдын акырына чейин мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык көлөмдү 8ден 7 пайызга чейин төмөндөтүүнү убада кылууда.
Компаниянын берген маалыматына караганда, бул максатта Каржы министрлиги каражат бөлүшү керек. Аталган министрлик 500 миллион сом бөлсө, 400-500 адамга ипотекалык насыя бергенге жетет. Учурда пайыздык чен өлчөмдү бир пайызга төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.